www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раим Матраимов Ош Бажысында иштеген учурда “Эркечтам” сыяктуу Кытайдан келе жаткан Бажы тосмолорду жөнгө салган. Анын мыйдай ишмердигин баалап 2015-жылы өкмөт башчысы болуп турган Темир Сариев мамлекеттик масштабда Бажыга орун басарлык кызматка чакырып, бекитет. Ал мезгилде Торугарт Бажысында коррупциялык схема биттеп кетип, ар бир өтүп жаткан фурадан, машинадан акча “сындырышып” “долясын” Бажы кызматкерлери, ошол тарапты тейлеп турган криминалдык чөйрө бөлүп турган.    

Кубаныч Кулматов жана Бажыкана Кулкуну кенен Кубаныч Кулматов деген учурунда  Бажыкананы жетектеген.  Кулматовдун коррупциялык схемасы боюнча, аны менен Бажыкананын атка минерлери күнүгө үч маал учурашып кетип турган. Кулматов да өзүнөн кызматы жогору “чоң шефи” менен мезгил-мезгили менен учурашып турган. Бул жөнөкөй айтканда учурашуу үчүн жөн эле салам берген эмес. Конверттин ичинде миллиондогон акчалар салынып, салам берүүнүн жагдайы ушундай болгон. Ал эми Кулматов, өзү канчасын алып каларын ким билет, ал деле жогору жакка чогултуп конверт менен саламдашып турган. Ортодо акчанын көбү солго кетип, мамлекеттик бюджетке жарыбаган акча түшүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин айлыгы өспөй тоңуп калган.

Баса, Кубаныч Кулматовду Бажыны тейлетиш үчүн чоң саясий чыр чыккан. Убактылуу өкмөттүн бир эмес үч орун басары бул кызмат үчүн ат салышкан. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басарлары Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин бир көзүнөн жаш алып, биринчи орун басар Алмазбек Атамбаев өз кишиси Кулматовду Бажыга алып келген. Кулматов ушунчалык жегич болгон. Ал Бажыда үч маал жегенге көнүп алып. Буканы “сискасы жок уй экен” –деп тантыраса да Чүйгө губернатор кылып, ал жерден үч маал акча алып көнүп калган неме ачкадан өлүп кала жаздаган. Атамбаев Кулматов ачка өлбөсүн деп Бишкек шаарына алып барып бир мектептин акчасын жалмалаткан. Азыр ыргытылган таштын бары эле Раим Матраимовдун башына келип тийип жаткан учур. Акыркы мезгилдеги далилге эч таянылбай туруп, Матраимовдун кызматынан кетип, ал эмес кылмыш иштери козголгону жөнүндө жалган “беш өрдөк” маалыматтар тарап кетти. Ошондуктан, Матраимов тууралуу “беш өрдөккө“ беш аргумент келтирели:

1 аргумент:

Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматына 2015-жылы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда  келген. Эгер калпыс иши болгондо Атамбаевдик бийлик аны бул кызматка алып келмек эмес. Экономикалык багыттан алганда бул мезгилде 2013-жылы түзүлгөн ЖЭБди жаңылатуу боюнча кредиттик келишим түзүлүп, 2014-жылы башталган ЖЭБдин курулушу бул жылы гүлдөй баштаган.  Таң калычтуусу 2010-жылы 150 миллион долларга курууга сүйлөшүүгө даяр Кытайдын ТВЕА ишканасы эмнеге 386 миллион долларга келишим түзүп, Кытайга карыз болдук. ЖЭБдин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ЖЭБди ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. 2015-жылы гана ЖЭБке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн  кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга доллардан же азыркы баа менен 44 800 сом экен. 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон.Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, долбоор түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. ЖЭБди куруу иштери “желмогуз чаяндардын” ичип жей турган акырына айланып, аны жабуу максатында буларды ушунча баага алып Кытайга карыздарды көбөйтпөй эле, ЖЭБдин арзаныраакка салып, элдин камын ойлосок  жакшы болмок.Кошуналарыбыз ушул мезгилде: Казакстан  Карагандыда ЖЭБ-4, Семейде ЖЭБ-3, Өзбекстан Туракурган ЖЭСин өз баасына эле куруп элдин батасын алышкан. Ал эми Тажикстан Дүйшөмбүдө 180 млн долларга ЖЭБ курушса, биз оңдотконубуз үчүн 386 млн доллар бергенибиз эмне деген кеп? Бул үчүн Раим Матраимовдун эмне тиешеси бар же ал өзүнө тиешеси жок иштер үчүн жооп береби? Ал Бажы кызматын тартипке келтирүүгө чакырылган.

  2 аргумент:

Раим Матраимов бул ишке келген соң Бажыда болуп жаткан акча алуу, рэкеттик сыяктуу тартипсиздиктерди түз жолго коюп, мамлекеттик бюджетке Бажыдан түшүп жаткан төлөмдөрдүн санын көбөйтө баштады. 2017-жылы 16-январда Boeing-747-400F учагы Дача-Су айылына келип кулайт. Бул трагедияга кыргыз элинин кабыргасы кайышып турган кезде, ал кездеги мамлекет башчысы ошол эле жерде жакын турган бул кырсыкка басып да барган эмес. Жакын эмес Кыргызстандын кайсы аймагында мындай чоң кырсык болгон жерге президент милдеттүү барыш керек. Бул учак кимдин жүгүн тартып келатканы тууралуу каңшаар тарап, канча адамдар запкысын жеди. Акыркы маалыматтарга караганда бул ишти кайра карап чыгуу тууралуу Башпрокуратурада сөз козголгон.

  3 аргумент:

Тарых музейинин ичин жасалгалоо боюнча 10 миллион доллар жетмек, сыртына 4 миллион доллар. Бирок ичин жасалгалоо үчүн 23 миллион доллар чыгымдалган. Эшек түспөөл аттардын кимге кереги бар эле, бирок булар 14 миң евродон болгон. Мебель алууга 770 миң евро кетсе, кеңеш алуу үчүн 394 миң кеткен. Ал эми ар бир отургучтун баасы 100 миңге чыккан. Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары катары жалпы элге акча түшүрүп жатканы менен канчалаган чыгымдар талаалап кеткен.  

4 аргумент:

Сапар Исаков өкмөт башында турганда Раим Матраимовду кызматынан кетирип мыйзамсыз иш кылган. Мунун мыйзамсыз экенин сот аныктады. Чындыгы бул кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен болгон. Машина токтоочу жайда Раим Матраимовдун жакын адамы бүк түшүп жата калып, ошол кездеги “ханышага” орун бошотуп бербей койгон.  

5  аргумент:

Мурунку бийлик маалыматтары Раим Матраимовго кара көлөкө түшүргөн. Башкысы, ал кездеги президент менен Назарбаевдин келишпестигинен улам казак чек арасы жабылган. Биздин экономикабызга кан берген Орусия жана башка КМШ мамлекетеринин көпчүлүгү Казакстан аркылуу байланышат. Чек арасын убактылуу болсо да жаап коюу Бажы төлөмдөргө түз таасирин тийгизет.  Бажы төлөмдөрдүн азайышын кара көлөкө түшүргөндөр Матраимовго шылтоолошкон. Эң коркунучтуусу кыргыз элин жарга такап турган маселе бар. Бул так ошол мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы Кытайдан алган карыз. Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын ичинде бир эле Кытай мамлекетине 1,7 млрд. доллар карызыбыз бар. 1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 млрд 99 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя. Ошолордун ичинен коомчулук кооптонгондой эле Кытайдын карызы биздин өлкө үчүн чоң коркунуч жаратып турат.

Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров “Кыргызстан буга чейинки алган карыздарын өз убагында эле төлөп келе жатат. Коомчулукту кооптонткон карыз — бул соңку 4-5 жылдын ичинде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Бул карыз алынып жатканда саясый эмоция менен чечим чыгарылып калган. Анткени 2 млрд үчүн 20 жыл абдан аз убакыт.

Бул тууралуу “АЗИЯньюс” гезити  да жазып чыкты. Демек өткөн бийликте турган Атамбаев Матраимов менен “чокулашпай” Кытайдагы калпыстык келишимдери үчүн керт башы менен жооп бериши керек. Кээ бир маалыматтар дуулдаткан чет мамлекетке акча чыгарылган жок, чет өлкөлөргө 646 миллион 879 миң 649 доллар банк аркылуу мыйзамдуу которулганы тууралуу финпол эсебин берди. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews”

 

Последние новости