www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кубанычбек Жумалиевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча доо арызын кабыл алды. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

Жумалиевдин адвокаты Жапыкеевге 10 миллион сомдук доо коюлуп жатканын маалымдады.

Жумашев жеке менчиктин кол тийбестикке ээ экендигин белгилеп, эгер кандайдыр бир конфискациялоо иш-аракети жүргүзүлүшү керек болсо анда соттун чечими менен укук коргоо органдарынын гана укугу бар экенин билдирген.

“Мындан тышкары, Жапыкеевдин билдирүүлөрү менин гана доогерим үчүн эмес, бүткүл өлкө үчүн күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз. Чындыгында, алар өзүм билемдикке, мыйзамды бузууга жана анын натыйжасында жалпы кырдаалды курчутууга чакырышат. Менин оюмча, бул иш-аракеттер массалык баш аламандыкка үндөө катары каралышы керек.

Экинчиден, Кубанычбек Жумалиевдин атынан улутчул ураандарды чагылдырган Фейсбук баракчасын түзүү боюнча тергөө жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз бергенбиз. Биз дароо анын бул баракчага эч кандай тиешеси жок экендигин билдирдик. Эми УКМК бул провокациянын артында ким тургандыгын аныкташы керек. Ошондой эле Жумалиевди телевидениеде улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыптаган Мамат Мамыткановго карата тергөө жүргүзүлүшү керек. Азыр бул фактылар боюнча сотко чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Мындан тышкары, кечээ биз борбордун Ленин райондук сотуна ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арызын бердик. Жоопкер Саймык Жапыкеев. Сот иши 10 миллион сомго бааланган. Бул сумма Кубанычбек Жумалиевдин ысымына шек келтирген жалаа жабуу социалдык Интернет тармактары колдонулуп бүткүл дүйнө жүзүнө жайылып кеткендигине байланыштуу каралган. Мындан тышкары, Жумалиев - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү. Ошондой эле биз анын айынан Жогорку Кеңеш жаман атка конду деп эсептейбиз. Белгилей кетчү нерсе, сот келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн канча сумма бөлсө дагы, анын бардыгы кайрымдуулук ишине жумшалат", - деди адвокат Бактыбек Жумашев.

Эске салсак, Кубанычбек Жумалиевге карата Финполиция кылмыш ишин козгосо, Сыймык Жапыкеевге карата ИИМ кылмыш ишин козгогону, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы маалым болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости