www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун карады. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Өкмөт башчы жана  министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти. 

Талкуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды. 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынынын аягында төрага Дастан Жумабеков сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

"Жаман-жаман" дей берсек, албетте, бизди эч ким жакшы дебейт. Ошон үчүн өзүбүздү мамлекеттик рейтингде көрсөтүш үчүн "жакшы-жакшы" деп айтып турушубуз керек. Туруктуу өкмөт 3 жылдан бери иштеп келе жатат. Өкмөттүн жылдык очетунда өсүш да, кемчиликтер  да болду. Кемчиликтерди жыл сайын оңдогонго биз токтом кабыл алып берип жатабыз. Ошол токтомдун контролунун негизинде өкмөт ишин кылды. 2019-жылы көп ийгиликтер болду", - деди Жумабеков.

Булак:NazarNews.org

Последние новости