www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адыгине көлүнө байкоо жүргүзүлүп, коркунуч жок экени айтылды

Адыгине көлүнө байкоо жүргүзүлүп, суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экени айтылды. Бултууралуу ӨКМ билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3850 метр бийиктикте жайгашып, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 километр алыс.

Бир нече күндөн берки жаанчыл аба ырайында көлдүн абалы коомчулукту, капчыгайдын эс алуучуларын кооптондурбай койгон жок. 

"Экинчи ирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 кызматкери 18-июлда таң эрте 12км аралыкты басып өтүп, Адыгине көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп келишти. Аталган көлдө суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды",- деп айтылат маалыматта. 

Ал эми ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, ар жылы бийик тоолуу көлдөр изилденет.

“Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан “нулевой изотерма” тактап айтканда, температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген”, -дейт Даурбек Сакыев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости