www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү.

Жыйында буга чейин Ысык-Көл облусунда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу, ошондой эле UIM F1H2O «Суудагы Формула-1» дүйнө чемпионаты сыяктуу иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулганы белгиленди.

Адылбек Касымалиев Кыргызстанда алдыда бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чаралар өтөрүн билдирди. Алардын арасында Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар.

Жыйында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери алдыдагы иш-чараларга даярдык тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында МинКаб төрагасы мамлекеттик органдарга ШКУ саммитинин алкагында кабыл алынуучу документтерди кароону, даярдык иштерин белгиленген графикке ылайык жүргүзүүнү жана бардык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Последние новости