www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында 11 фан-зона уюштурулат.
Негизги фан-зона борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашат. Анда шаар тургундары жана меймандары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин түз эфирде көрө алышат.
Расмий трансляция башталганга чейин Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программа өтөт.
Фан-зонанын аймагында фуд-корттор, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн башка аянтчалар уюштурулат.
Мындан тышкары, бишкектиктерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында шаардын төрт районунда дагы 10 фан-зона ачылат.
Жалпысынан борбор калаада 11 аянтча иштеп, анда шаар тургундары жана коноктору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026нын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин алкагындагы иш-чараларды көрө алышат.