www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Атап айтканда, жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед» компанияларынын жана Польшанын «LEKAM» фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катуу пероралдык формаларды, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелери талкууланды.
Инвестициялардын жалпы көлөмү 25 млн АКШ долларын түзөт, долбоор 800гө чейин жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан инвестициялык долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.