www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жактоочу А.М.Р. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталды. Тактап айтканда, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.ны алдап, анын атасы А.М.М.га карата кылмыш ишин токтотууга жана камактан бошотууга жардам берерин убадалап, 15 000 АКШ доллары жана 200 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

Андан соң, А.М.Р. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, алынган каражаттын 5 000 АКШ доллары гана кайтарылган, калган 10 000 АКШ доллары жана 200 000 сом мыйзамсыз кармалып, жаранга олуттуу материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факт боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү, 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон жана 2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык А.М.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости