www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына ведомствонун жаңы жетекчиси Руслан Сүйналиевди тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда Адылбек Касымалиев экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Финансы министрлигинин өзгөчө ролун белгилеп, ведомствонун алдында жогорку кесипкөйлүктү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган амбициялуу максаттар турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасы министрликтин жамаатына жана жаңы министрге жемиштүү иш жана ведомствонун милдеттерин ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Последние новости