www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин Тайвань көз карандысыздыктан баш тартса, ага туруктуу жана ишенимдүү энергетика менен камсыз кылууну сунуштады. Бул тууралуу Кытайдын Тайвань иштери боюнча өкүлү Чэнь Биньхуа билдирди.
Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Ормуз кысыгындагы мүмкүн болгон тоскоолдуктар Тайвандын энергия коопсуздугунда алсыз жактары бар экенин көрсөттү. Тайвань газдын чоң бөлүгүн дал ушул аймак аркылуу импорттойт, ал эми өлкөдөгү электр энергиясынын жарымынан көбү газ станцияларынан өндүрүлөт.

Кытай “тынч биригүү” болсо, Тайвань элине туруктуу энергия жана ресурстук коопсуздук камсыз кылынарын белгиледи. Бирок Тайвань бийлиги бул сунуштарды четке кагып, өз алдынчалыгын сактоо позициясын карманууда.

Ошол эле учурда Тайвань АКШдан курал-жарак сатып алууну улантып, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүдө. Аймакта чыңалуу курч бойдон калууда. Айрыкча 2027-жыл аскердик кагылышуу болушу мүмкүн деп айтылып келет.

Последние новости