www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммель менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар экономика, инвестиция тартуу жана биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин ишмердүүлүгү оң нукта өнүгүп жатканы белгиленди.

Тараптар Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынын ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өткөрүү тууралуу макулдашып, анын күн тартибин даярдоону баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Райнхольд Крэммель Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-герман экономикалык байланыштарын чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости