www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мурдагы президент Аскар Акаевдин “Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү" тууралуу айтканы боюнча "Азаттыкка" комментарий берди.
“Бул бир кишинин жеке көз карашы катары гана кабыл алынышы керек. Буга өзгөчө саясий боёк сүртүп, “Акаев айтты, эми ошондой болот окшойт” деп эле чуу кыла берүүнүн эч кандай кажети жок. Туура, алдыда президенттик шайлоо болсо ага Садыр Нургожоевич кайра талапкерлигин коёт. Ошону менен бирге башка да адамдар чыгышса керек. Анан кийинки президенттин тагдырын эл чечет. Жапаров али экинчи мөөнөткө шайлана электе үчүнчү мөөнөт жөнүндө саясат кылып, көбүртүп-жабыртып сөз кылуу таптакыр орунсуз”, - деди Абыкеев.
Эскерте кетсек, Аскар Акаев президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү тууралуу пикирин 19-июнда Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунда айткан. Ал Кыргызстан соңку беш жылдыкта болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын белгилеген.