www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Анын жүрүшүндө 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, үстүбүздөгү жылга артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.
Министрлер Кабинетинин башчысы өткөн жылдын негизги жетишкендиктерин белгилеп, 2025-жылдын башкы саясий жетишкендиги кыргыз-тажик чек ара маселелерин жөнгө салуу болгонун баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн саны 185ке жетти, Африка континентинде биринчи Элчилигибиз ачылды. Жыл ичинде 190 иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишимге жана документке кол коюлду», - деди ал.
Адылбек Касымалиев бүгүн Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка киришкен күнүнө беш жыл толгонун кошумчалады.
«2020-жылдагы өлкөдөгү абал менен азыркы өнүгүү этабынын айырмасы асман менен жердей эле. Көптөгөн маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. 2025-жылы консолидацияланган бюджет тарыхый чекке жетип, 1 триллион сомдон ашты», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы бюджеттин өсүшүнө таасир эткен бир катар факторлорду белгиледи, алардын ичинде: экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы – 22,6 млрд доллардан ашты; салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү; бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү; салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү; экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда; алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мультимодалдык ташуулар, санариптик логистика жана транспорттук байланыш жаатында практикалык чечимдерди илгерилетүү, шамал, күн энергетикасы жана кичи ГЭСтер тармагындагы долбоорлорду алдыга жылдыруу, ошондой эле масштабдуу туристтик долбоорлорго инвестиция тартууга көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.
«Жогоруда айтылгандардан тышкары, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы жана 2026-жылы Бишкекте өтө турган Саммитке даярдык өзгөчө мааниге ээ. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча ишти улантуусу зарыл», - деди Адылбек Касымалиев жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.