www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин делегациясы март айынын аягында Орусияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Төрага жыйында депутат Дастан Жумабековдун Орусияда иштеген кыргызстандыктар туш болгон көптөгөн көйгөйлөр тууралуу суроосуна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, чек арада мекендештердин товарлары кармалып турат. «Жеңил өнөр жайынын өкүлдөрү да көптөгөн көйгөйлөргө туш болууда. Мен парламент бул маселелерди жогорку деңгээлде чечүүгө катышуусу керек деп эсептейм. Бардык актуалдуу маселелерди көтөрүү жана Россия Федерациясында иштеген жарандарыбызга жардам берүү үчүн Орусияга сапар уюштурушубуз керек», — деп кошумчалады Дастан Жумабеков.
Төрага мындай деп жооп берди: «Жогорку Кеңешке Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин чакыруу келген».
«Расмий сапар учурунда маанилүү маселелер талкууланат», — деп кошумчалады ал.