www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-январда өз жыйынында Кара-Суу, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Чирмашов Ысмайылдын (“Эмгек” депутаттык фракциясы) каза болуп калгандыгына байланыштуу ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турабаев Садыкжан Каримовичке (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Мамытов Махсадбек Киличбековичтин (“Жаңы-Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Муратбек уулу Эрчитбекке (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Апсаматов Байжандын (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шабданов Нурбек Акылбековичке (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Кобокова Нурайым Талантбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Азарбаев Имаш Калиевичке өткөрүлүп берилди.