www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун иши менен таанышты.

Иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Улуттук инвестициялык фондунун жамааты менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө уюмдун натыйжалуу жана ырааттуу ишинин маанилүүлүгү баса белгиленди.

Фонд инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында мындан ары да жогорку натыйжаларды көрсөтүшү керектиги белгиленди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына гидроэнергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Жумуш орундарын түзүүдө, региондорду өнүктүрүүдө жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандырууда негизги ролду ойногон чакан жана орто бизнестин долбоорлорун ишке ашырууга жана колдоого багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 токтому менен бекитилген Фонддун уставына ылайык, Фонддун ишинин негизги максаттары болуп Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана ички жана эл аралык капитал рынокторуна чыгуу аркылуу узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу, анын ичинде инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу саналат.

Последние новости