www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш аналитиктери Россиянын нефтиси Индияга күтүлгөндөн да туруктуу жеткирилип жатканына көңүл бурушту. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, санкциялык басымга карабастан, Индиянын Россиядан нефть импорттоосу жогорку деңгээлде сакталып келет.
Индиялык мунай кайра иштетүүчү заводдор үчүн арзан баа саясий жана репутациялык тобокелчиликтерден маанилүүрөөк экенин көргөздү. Ошондуктан мурда этият позицияда турган ири компаниялар да кайрадан россиялык нефть сатып алууга кайта баштады.
Учурда Индия Россиядан суткасына орточо 1,3 млн баррел нефть импорттоп жатат. Толук токтотуу сценарийи ишке ашкан жок. Адистердин айтымында, дүйнөлүк мунай рыногу абдан ийкемдүү келет. Суроо-талап бар жерде нефть ар дайым сатып алуучусун табат. Индия да ички керектөөнүн өсүшү жана кайра иштетүү кубаттуулуктарынын кеңейиши шартында пайдалуу булактан өз ыктыяры менен баш тартууга даяр эмес.