www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. 

Министрлер Кабинетинин башчысы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына барып, «Бишкек Солар» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан күн электр станциясынын курулуш долбоору менен таанышты. Атайын даярдалган стенддерде Адылбек Касымалиев курулуштун этаптары жана объекттин келечеги менен кеңири таанышты. 

«Бишкек Солар» өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, күн электр станциясы күчөтүлгөн кубаттуулукка ээ. Курулуш иштери 80%га аткарылган. Долбоорду алгач 36 айда бүтүрүү пландаштырылган, бирок иштин жогорку натыйжалуулугунун аркасында аяктоо мөөнөтү 24 айга чейин кыскартылган. Жылдык пландалган өндүрүш 600 млн кВт·саатты түзөт. Бул долбоор боюнча инвестициянын көлөмү 2027-жылдын февралына карата 280 млн АКШ долларына жетет. Кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи кезекти 2026-жылдын августунда, ал эми кийинки кезектерди 2027-жылдын августунда ишке киргизүү пландаштырылууда. Андан ары Адылбек Касымалиев вьетнамдык «Рокс Энержи Глобал» компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Кызыл-Орук айылында ишке ашырылып жаткан долбоор менен таанышты.

"Ысык-Көл-1" күн электр станциясынын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бул масштабдуу долбоор жалпы кубаттуулугу 1 900 МВт жана жалпы инвестициянын көлөмү 1,4 миллиард АКШ долларын түзөт. Станция жыл сайын 3,6 миллиард кВт·саат экологиялык таза электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Долбоор этап менен 150 МВт кубаттуулуктагы биринчи фазаны, 450 МВт кубаттуулуктагы экинчи фазаны жана 1 300 МВт кубаттуулуктагы үчүнчү фазаны камтыйт. "Ысык-Көл-1" күн электр станциясынын бүткүл комплексинин курулушу 2028-жылы аяктайт деп пландаштырылган. Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапарынын жүрүшүндө инвесторлордун активдүүлүгүн жана долбоорлорду ишке ашыруу темпин жогору баалады. 

"Мындай кыска мөөнөттө долбоорлорду ишке ашыруунун жогорку динамикасын көрүп көз кубанат. Бул инвестор менен мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыктын ачык мисалы болуп саналат. МинКаб өлкөнүн экономикасына инвестиция салууга даяр инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды жана ар тараптуу колдоону камсыз кылууга даяр, мейли ал энергетика, инфраструктура же айыл чарба тармагындагы долбоорлор болсун", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Последние новости