www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.
Отурумдарга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, Армения Республикасынын Вице-премьери, ошондой эле Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчылары менен биргеликте “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.
Форум санариптик майнинг, крипто биржа, кибер коопсуздук, билим берүү жана корпорациялык инновация сыяктуу азыркы учурдун актуалдуу темаларын камтыды.