www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Жакынкы Чыгыштагы 13 аскердик базасы ирандык ракеталык соккулардан кийин толугу менен жараксыз болуп талкаланганы маалымдалды.
Маалыматтарга ылайык, аймактагы негизги объекттердин дээрлик төрттөн бири талкаланып, айрыкча Кувейттеги базалар олуттуу зыян тарткан. Расмий көрсөткүчтөрдө 13 аскер каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алганы айтылат.
Учурда АКШнын болжол менен 40 миң аскери Жакынкы Чыгыш жана Европага чачырап жайгаштырылып, айрымдары убактылуу жарандык имараттардан жана мейманканалардан иш алып барууда.
Адистер белгилегендей, базалардагы инфраструктуранын бузулушу логистикага олуттуу сокку урган. Ошондой эле мындай кырдаал согуштук башкарууну татаалдаштырып, жарандык объекттерди колдонуу кошумча коркунучтарды жаратат. Бул окуя АКШнын аймактагы аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу таасир эткени айтылууда.