www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын, «Ас-Сафа» жана «Исар» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кайрымдуулук иш-чараларына байланышкан айрым жагдайлар талкууланып, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз болду.

Төрага өлкө жетекчилиги калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ири долбоорлорду ырааттуу түрдө ишке ашырып, анын ичинен аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгиледи. Муну менен катар кайрымдуулук уюмдарына социалдык-инфраструктуралык маселелерди чечүүгө кошуп жаткан олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, аталган багыттагы координациянын жоктугунан бир эле долбоор мамлекет тарабынан да, кайрымдуулук уюму тарабынан да ишке ашырылып калган учурлар арбын экенин айткан Төрага: «Натыйжада бир эле айылга эки ФАП салынса, башка айылга эч нерсе курулбай калган мисалдар болууда. Андыктан, мамлекет менен кайрымдуулук уюмдары эриш-аркак иш алып барып, бири-бирин толуктап тургандай жагдай жаратышыбыз керек», – деди.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары да кайрымдуулук уюмдары менен тыгыз кызматташып, аймактарда социалдык мекемелерди куруу боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын белгилеп: «Мындан ары аталган багытта ар ким өз алдынча эмес, бирдиктүү иш алып баргыдай системаны түзүшүбүз кажет», – деди Төрага.

Ал эми кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү айтылган сунуштарды колдоп, бир багытта, орток максатта иш алып барууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Муну менен катар аймактарда жасап жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылышып, Жогорку Кеңештин Төрагасына өздөрү туш болуп жаткан көйгөйлөрдү да маалымдашты.

Тагыраагы, жардам катары салынган кээ бир медициналык жайлар бюрократиялык тоскоолдуктардан улам иштетилбей, ошол эле учурда айрым айылдарда социалдык мекемелерди курууга уруксат берилбей келе жатканын сөз кылышты.

Төрага мындан ары кайрымдуулук уюмдары менен түздөн-түз иш алып барып, жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.

 

Последние новости