www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берип жатат.

Анда министр Сабырбек Жумабековдун ордуна башка дарыгерди дайындаганын айтты.

«Биз Жумабековдун ордуна башка даргерди дайындадык. Ал өзүнүн балдарын алып, каяккка кетсе, ошол жакка кетсин. Менин артымдан кетет дейт. Көрөбүз канча дарыгер аны ээрчип кетээрин. Алар кетсе эле иш токтоп калбайт. Жумабеков деген жок эми. Мен Жумабеков менен кеңешкидей ал ким мага», - деди министр.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканын айткан.

Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости