www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна жаңы түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы директору болуп Гулия Кожокматова жана башкы дарыгери болуп Дамир Дүйшөнов дайындалды. Аларды саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып тааныштырды.

"Азыр министрликтин өкүлдөрү барып, жамаатка директор менен башкы дарыгерди тааныштырат. Жумабеков өзүнүн тегерегине топтоп алган тааныш, туугандары менен кете берсин", — деди министр.

Бейшеналиев маалымат жыйында аталган Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору 7 жыл мурун жоюлганын белгилеп, анын директору болуп келген Сабырбек Жумабеков каалаганын кылып келгенин белгиледи. Министрдин айтымында, бул үчүн травматолог жооп бериши керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканын айткан.

Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости