www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аэрофлот» авиакомпаниясы июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту. Коронавируска каршы ыкчам штаб уруксат бергендей, жумасына эки рейс гана аткарылып турмакчы. «Аэрофлоттун» расмий өкүлү Михаил Деминдин айтымында, каттамдар аткарылбай калса, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралбашы үчүн билет сатпоо чечими кабыл алынды. Мунун алдында орусиялык бир катар маалымат каражаттары чектөө 30-июнга чейин узартыларын жазышкан.

Түркия менен аба байланышка Коронавируска каршы ыкчам штаб 15-апрелден 1-июнга чейин чектөө киргизген. Натыйжада Москва-Стамбул рейстери жумасына эки жолу гана учуп калган. Ага чейин 500 миң орусиялык билеттерге заказ бергени маалымдалган. Көбү сапарын башка күнгө которууга же саякаттан баш тартууга аргасыз болгон.

Айрым байкоочулар ал чечимдин саясий өңүтүнө көңүл бурушат. Эмне дегенде 10-апрелде Түркияга украин президенти Владимир Зеленский барып кеткен. Жолугушууда түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара Крымдын аннексиясын тааныбасын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости