www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөндө Албек Ибраимовдун сотуна арашандыктарды 5 миң сомдон берип дагы келтире албай коюшуп, эми кечээ башка айылдардан 5 миң сомдон таратып Жогорку соттун алдына алып келишти.

Бул акчаны берүүдө “Манас” аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев менен Ош аэропортунун жетекчиси (Албектин өкүл баласы) Исаков деген жигит каржылап жатканын биздин өздүк булактар айтып келишти.

Бул эки жаран аркылуу аэропорттун коррупциялык булактарындагы мыйзамсыз жолдор менен табылган каражаттын 50% үлүшүн ай сайын Албекке берип,  калганын башкармалыктын мүчөлөрүнө, андан сырткары директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрүнө бөлүнүп келгени аэропорттун кызматкерлери тарабынан айтылып келет.

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, биз дагы аэропорттогу коррупцияны иликтөө иштерин жүргүзүп, элге, коомчулукка жеткирип турууну туура көрдүк. Текебаев убагында чырылдап айтып чыккан “Албектин борт питания цехин кымбат баада сатып алып, аны директорлор кеңеши бекитип берип, Чукуев кол коюп, төлөнгөн акчасынын айырмасын Атамбаевге алып барып бергени” элдин оозунан түшпөй айтылып келет.

Маалыматтар боюнча, бул иштер азыр АКС тарабынан дыкат иликтенип жатат. Бул иштер иликтенсе Чукуев дагы Албектин жанына барып калаарын, аны УКМКда иштеген эски достору дагы сактай албашын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү бекиткен чечимдерине жооп беришээрин угуп жатабыз.

Күтө туралы, убакыт баарын көрсөтөт, коррупциялык иштер четинен ашкереленип жатат. Дагы угушубузга караганда, Чукуев “өлкө башынын кабылдоосунда болдум, бардык маселени чечип алдым” деп жакын адамдарына мактанып жүргөн “имиш”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости