www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда Кытай АКШнын ордун басабы?

АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенде өлкөдөгү саясий-аскердик тең салмак кандай өзгөрөт деп ой жоруган эл аралык эксперттер ушу тапта бул жактагы окуяларга кылдат көз салып турушат. Учурда Кытайдын дагы Афганистанга кызыгуусу артып турган чак.

Чындыгында Кытай көптөн бери эле Афганистандагы экономикалык кызыкчылыктарын аныктап, эсебин чыгарып койгон. Буга чейин Афганистанда Америка Кошмо штаттары үстөмдүк кылып келген соң, Кытай активдүү аракетке өтө элек болчу. Эми орун да бошоду, жол да бошоду. 

Кытай Афганистанды “Бир алкак - бир жол” демилгеси аркылуу өзүнө жакындатууну көздөйт.  

Америкалык “The Daily Beast” маалымат порталы аты жашыруун афган расмийине таянып билдиргендей, Кабул Кытай-Пакистан Экономикалык коридору аттуу 62 миллиард доллардык долбоорго Афганистандын  да  камтылышын каалайт. Долбоордо авто жолдорду, темир жолдорду жана энергия ташуучу куурларды куруу каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости