www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандагы миңдеген согушкер биздин регионго агылууга даяр экенин тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Ал Кыргызстан үчүн тыштан келчү коркунучтар тууралуу айтып берди. Иманкуловдун пикиринде, Афганистандагы кырдаал чегине жетип, көзөмөлдөн чыгары, мунун кесепети жалпы регионго, анын ичинен Кыргызстанга да сезилери тууралуу айтылып жүргөнүнө 10 жылдай болду.
"Афганистандагы акыркы окуялар бул мамлекеттер даяр турушу керек болгон реалдуу кооптуулук экенин көрсөттү", — деди катчы.
Иманкулов "Талибан" Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен жерин басып алып, КМШ менен болгон чек арасын көзөмөлдөп жатканын белгиледи. Ал Афганистандын өзүндө ири жарандык согуш башталышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.
"Афганистандагы окуялар бизге кандай таасир этиши мүмкүн деп сурасаңар. Кадимкидей эле түз таасир этет. "Талибанды" тегеректеген террордук жана экстремисттик уюмдар өтө эле көп. Сирия менен Ирактагы окуялардан соң, Россиянын кийлигишүүсү менен талкалангандан кийин, согушкерлердин басымдуу бөлүгү Афганистанга кире качкан. Алар эми түндүк провинцияларда лагерлерди уюштуруп жатышат", — деп сөзүн улады катчы.
Ошондой эле, Иманкулов согушкерлердин саны ондоп же жүздөп эмес, миңдеп саналарын кошумчалады.
"Булар дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулгандар, ошентсе да биздин региондон кошулгандар көбүрөөк. Булар Афганистандын түндүк провинцияларын ээлеп, машыгып, башкаларды үгүттөп жатышат. Ушунун баары бизге агылышы мүмкүн. "Талибандын" өзү келбейт, кыймылдын максаты — бийлигин Афганистанда орнотуу. Бизге анын тегерегиндеги террордук уюмдар кириши мүмкүн", — деди ал.
Иманкулов бул жагдайга даяр туруу керектигин эскертти.
"Эң башкы коркунуч — "Талибандын" айланасындагы уюмдар. Алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес, мамлекеттин күчүн, сүрүн, кубатын гана каршы коё алабыз. Буга Кыргызстандын күчү жетеби? Ооба, биз даярдык көрүп жатабыз. Бирок масштабы Сириядагыдай жайылып кетсе, эл аралык уюмдардан, биринчи кезекте ЖККУдан жардам суроого аргасыз болобуз. Аталган уюм дал ушул коопсуздукту камсыздоо үчүн түзүлгөн", — деди Иманкулов.
Катчы улуттук коопсуздук кыргызстандыктардын ынтымагынан көз каранды экенин, болбосо мамлекеттик органдардын күчү жетишсиз болорун баса белгиледи.
* "Талибан" кыймылы Кыргызстан, Россия жана бир катар башка мамелкеттерде тыюу салынган террордук топ.
Булак: NazarNews.kg