www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Афганистандан эвакуацияланып жаткан БУУ мекемелерин Бишкекте убактылуу жайгаштырып турууну сунуштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтты.

«Афгандык жаштарга биздин университеттерден 500 орун бере алабыз. Ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте Афганистандын Улуу жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Афганистандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт», — деди президент.

Жапаров Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүп, эл аралык жоболорду, резолюцияларды так аткарып жатканын кошумчалады.

«Мындан тышкары, Сириядагы жарандарыбызды, аялдарды жана балдарды мекенине кайтарууда БУУнун жана кызыкдар мамлекеттердин колдоосуна ишенебиз», — деди ал.

Эске салсак, 21-сентябрь күнү «Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу — COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун ишин активдештирүү» темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы ачылган. Анда Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.

Анда Жапаров Кыргызстан бир гана терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн гана эмес, баңгизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибермейкиндик жаатында мыйзамсыз иш жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык аракеттерди активдештирүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости