www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусундагы почта бөлүмү жарандардын президенттин атына, ошондой эле Ашхабаддагы министрликтер менен башка мамлекеттик мекемелерге каттарды жана даттанууларды жөнөтүүсүнө тоскоолдук кылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиришкен.

Алардын айтымында, өз маселелерин жергиликтүү бийликке кайрылып чече албаган жашоочулар борбор шаарга даттанууларды жөнөтүүдө. Бирок көп өтпөй алар "Түркмөнпочтасынын" бөлүмү аркылуу кайра жергиликтүү акимчиликтерге чакырылып жатат.

"Эки жума мурда бир нече жылдан бери үйгө wi-fi коштура албай кезекте турганымды жазып, президенттин атына жана "Түркмөнтелеком" агенттигине кат жөнөткөм. Кат почтада каттоого алынган. Бирок үч күндөн кийин мени жергиликтүү акимчиликке чакырышты. Мени менен сүйлөшкөн аткаминер борборго жөнөткөн катымдын мазмунун билет экен. Демек, кат Ашхабадга кеткен эмес. Ал: "Эмнеге президентке жазып жатасың? Бизге эле жазсаң биз карайбыз" деп айтты. Андан соң менин даттануум караларын убадалап, узатып койду", деди Түркмөнабад шаарынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургуну.

Ал андан бери бир жумадан ашык убакыт өткөнүн, бирок маселеси чечилбегенин кошумчалады.

"Азаттыктын" кабарчысы президентке кат жазгандан кийин жергиликтүү акимчиликке чакырылган дагы бир нече тургун менен сүйлөшкөн. Алар социалдык маселелер, коррупция жана аймактагы башка кыйынчылыктар тууралуу жазылган каттардын баары жергиликтүү почта бөлүмүнөн ары кетпей жатканын айтышкан.

"Президенттин атына жазылган бир да кат аймактын сыртына чыкпашы керек. Бардык даттануулар жер-жерлерде каралсын деген буйрук бар", деди жергиликтүү акимчиликтин анонимдүү калгысы келген кызматкери.

"Түркмөнпочтасынын" Түркмөнабад шаардык бөлүмүнөн кат жөнөтүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатканын айткан тургундардын билдирүүлөрү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал ортодо "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы Мары облусунун Байрамали шаарындагы почта бөлүмү президенттин атына жазылган даттанууларды таптакыр эле кабыл албай жатканын кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, почта бөлүмү июнь айынан бери жергиликтүү тургундардын президенттик администрацияга, министрликтерге жана башка мамлекеттик мекемелерге жөнөткөн каттарын кабыл алуудан баш тартууда. Почта кызматкерлери Ашхабадга кат жөнөтүү убактылуу токтотулганын айтып, ошол эле маалда анын себептерин түшүндүрбөй келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости