www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандан Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчилик менен бирге Афганистандагы кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо иштерин улантып жатат. Министрлик бүгүн, 17-августта билдирген маалымат боюнча, Кыргызстандын Афганистандагы 9 жараны эвакуацияланды.

Кыргызстандын Афганистандагы жарандары учурда коопсуз аймакта.

Ал эми Афганистандын жараны болуп эсептелген этникалык кыргыздар виза алуу жана эвакуациялоо маселелери менен кайрылганы боюнча маалыматтар такталып жатат.

Кабул шаарындагы кыргыз элчилигинде 20 чакты кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги КРнын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязовго шилтеме берүү менен билдирген.

Ниязовдун айтымында, элчиликтеги бардык жарандар Кыргызстанга 21-августка чейин эвакуацияланат.

«Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы аскердик-саясий абалга тыкыр көз салууда. Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандары менен ар дайым байланышта болууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости