www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, коомдун иммунитетин өнүктүрүү үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек.

--“Кыргызстанда 586 миң 578 адам коронавируска каршы вакцина алды. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айында башталган. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында жалпысынан эмдөө пунктары иштеп жатат. Учурда республиканын бардык аймактарында “Sputnik V”, “Sinopharm” жана “AstraZeneca” вакциналарын бекер алууга мүмкүнчүлүк бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылууда. Эмдөө кампаниясы өлкөнүн аймактарында ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Андыктан биз бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз.

Азыр бизде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген вакциналар колдонулууда”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости