www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Террордук топтор Тажикстан менен Өзбекстанды бутага алышы ыктымал", - деди бүгүн, 17-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.
- Турат агай, башка улуттагы террордук топтор эми Борбор Азияга агылабы?
- Террордук топтор Борбор Азияга келиши мүмкүн. Анткени, Афганистанда көбүнчө террордук багытта иш кылып жүрүшкөндөр жүрөөрүн дүйнө жүзүнүн баары эле билет. Алар алгач чектеш жайгашкан Тажикстанды, Өзбекстанды бутага алышы ыктымал. Мындай учурда террордук топтор качкындар менен кошулуп кирип кетиши да мүмкүн. Кыргызстан дагы ООНдун мүчөсү болгондон кийин качкындарды кабыл алабыз деп жатат. Алар менен кошо да келип алышы ыктымал. Алардын келиши менен террордук топтордун ячейкалары пайда болуп, афганистандагыдай ислам мамлекетин түзүүнүн аракетин көрүшү мүмкүн.
- Саакашвили талибдер муну менен токтоп калбайт, талибдердин кийинки бутасы Борбор Азия болот" дептир го. Анын айтканында чындык барбы?
- Саакашвилинин айтканындай Борбор Азияга талибдер келер келбесин Кудай билет. Бир сөз менен айтканда мен анын айтканына кошула бербейм. Себеби, алар ислам мамлекетин түздү. Эми Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын бийлигинен айырмаланган башкаруу системасын киргизишет. Шарият жолундагыдай башкаруу кылып, эски каада салт, үрп-адаттарын сакташат. Эгер алар айткандай болсо баары.
- Алар кошуна мамлекеттер менен келишим түзөбү же шарияттагыдай эрежени колдонушабы?
- Мамлекет түзгөндөн кийин кошуна мамлекеттер менен да келишимдерди түзүшү керек. Маселен, эң биринчи тынчтык келишимин түзүшү керек. Анткени, кырдаал алар же биз ойлогондой болбой өзгөрүп кетиши мүмкүн. Талибан кыймылынын бийликти колго алдык дегени менен мурунку бийликтегилер кайра бийликти колго алуунун аракетин көрүп, согуш уланып кетпейби деген маселе бар. Афганистандын мындан аркы абалы белгисиз болгондуктан, биз күтүп турушубуз керек. Чек арыны бышыктап, ошондой эле террористтик уюмдарды тыкыр көзөмөлгө алыш зарыл. Мындан ары божомол кылбай чалгындоону күчөтүп, керектүү органдын кызматкерлери профессионалдык деңгээлде иштеши керек.
Булак: NazarNews.kg