www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзүнүн расмий Telegram каналынан 14-15-август күндөрү чек араны мыйзамыз кесип өткөн Афганистандын учактары жана тик учактары тууралуу маалыматын өчүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады. 

Коңшу өлкөнүн көзөмөл органынын маалымат кызматы акыркы эки күндүн ичинде, 14-15-августта, Өзбекстандын чек арасын афганистандык 22 аскер учагы жана 24 тик учагы мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганын, алардын баары мажбурлоо жолу менен Термез аэропортуна кондурулганын билдирген. Жалпы жонунан аба транспортторунун бортунда 585 куралчан аскер кызматкерлери болгонун айткан.

"Мекеме өзүнүн расмий Telegram каналынан ишемби жана жекшемби күндөрү чек араны мыйзамсыз кесип өткөн афган учактары жана тик учактары тууралуу билдирүүсүн өчүрдү", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме буга чейин жарыяланган кабар "аягына чейин такталбаганын жана жооптуу органдардын текшерилген маалыматтарына негизделбегенин" айткан. Башкы прокуратура катачылыгы үчүн кечирим сурады.

Бир нече апта мурда Америка аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда ал каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди. 

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости