www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Африканын кээ бир өлкөлөрү келерки жылы дагы азык-түлүк көйгөйлөрүнө кабылышы мүмкүн экендиги билдирилди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Глобалдык ачкачылык индексинин акыркы отчетунда Африкадагы азык-түлүк көйгөйүнө көңүл бурулду.
Борбордук Африка Республикасы, Чад, Конго Демократиялык Республикасы жана Мадагаскарда азык-түлүк көйгөйүнүн күчөгөнү билдирилген отчетто Бурунди, Сомали жана Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөрдө да маселенин күчөшү мүмкүн экендиги белгиленди.
Отчетто Замбия, Гвинея - Бисау, Сьерра-Леоне, Нигерия, Борбордук Африка Республикасы, Лесото жана Либерия сыяктуу өлкөлөрдө азык-түлүк көйгөйлөрү бар экени баса белгиленди.
Африка өлкөлөрүндө ички чыр-чатактар, террордук чабуулдар, миграция, кургакчылык, калктын тез өсүшү, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы жана Россия - Украина согушу сыяктуу факторлор азык-түлүк каатчылыгын ого бетер күчөтүүдө.