www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенге америкалык аскерий өкүлчүлүк келип, мындан бир ай мурда Тажикстан жасаган аскерий чабуулдун кесепеттерин көрүп кетиптир. Орусиянын өкүлчүлүгү келген эмес. Кошуна Казакстан же Кытайдын, же башка мамлекеттердин өкүлдөрү да келип, канча үй, канча чарба кыйраганын көрүп, канча бейкүнөө адам набыт кеткенин билип кетсе жакшы эле болмок.
Былтыр апрелде болгон ушундай эле согушка эл аралык коомчулук дээрлик эч көңүл бурган эмес, бирок быйыл сентябрда президент Садыр Жапаров Бириккен улуттарда чыгып сүйлөп, ошол күндөрү Нью-Йоркто кыргыз дипломаттары дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугуп, эмне болгонун айтып бергенден кийин, абал өзгөрө баштады.
Анткен менен, айрым депутаттар – эмне үчүн америкалыктар кыргыз жергесине келет, алар менен бизде кызматташуу келишими жок, аларды ким чакырган? – де ачуулана баштады. Бирок Баткенде эмне болгонун дүйнөлүк коомчулук биздин өзүбүздөн угуп, өз көзу менен көрүп, жыйынтык чыгарса, Тажикстан менен анын кожоюндарынын чек арадагы өзүм билемдигине жолтоо болоор беле деп үмүттөнсө болот.