www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африкада чагылган түшүп 10 өспүрүмдүн өмүрүн алды

Африканын Уганда аймагына караштуу шаарлардын биринде чагылган 10 өспүрүмдүн өмүрүн алды. Бул тууралуу Day.Az басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, балдар футбол ойноп жаткан учурда күн күркүрөп, жамгыр жаап баштаган. Балдар талаанын жанындагы чатыры жарым-жартылай жок болгон үйгө корголошкон. Бирок ал үйгө чагылган түшүп, 10 бала каза болуп, 4 бала жаракат алган. Маалыматта алар 9дан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгондугу айтылат.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын айтымында, Угандада мындай кырсыктар көп катталат. Үйлөрдүн көбү толук кандуу жабдылбагандыктан, чагылган түшүп каза болгондордун саны жамгырлуу мезгилде көп болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости