www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-январь күнү, Амстердам шаарынын Схипхол аэропортунун кызматкерлери Африкадан учактын шассиси жайгашкан жерге жашынып келген кишини таап алышты. Бул тууралуу ВВС жазды.

Аэропорттон айтышкандай, адатта шасси жайгашкан жерге жашынып келүүнү каалагандар аман калбайт. Анткени ал жер ачык, шамал кирип турат. Ал эми азыркы учактар көтөрүлгөн бийиктикте 50 гардуска чейин суук болот. Мындай абада дем алуу дагы оңой эмес.

"Табылган кишинин тирүү жана абалы жайында экени таң калтырды. Аны ооруканага жеткирдик. Мындайды эч качан көргөн эмесмин. Негизи учактын кайсы бир жерине жабышып келүүнү каалагандар тирүү калбайт", — деди полиция кызматкери Йоанна Хельмондс.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан Boeing 747 учагы Түштүк Африка Республикасындагы Йоханнесбург шаарынан Амстердамга 11 саатта учуп келген. Ортодо Кениянын Найроби шаарына май куюп алуу үчүн конгон. Андыктан "жүргүнчү" кайсы мамлекеттен учакка түшкөнү азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости