www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус дагы 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 314, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 44, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 22 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 589 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 418, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда — 103, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 17, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 176 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 780 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 183 миң 517 киши айыгып чыкса, 2 миң 85143 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg