www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын батышында жайгашкан Кот-д'Ивуар өлкөсүнүн борбордук бөлүгүндөгү айылдардын биринде акыркы эки айда кеминде 12 бала каза болду, деп билдирет Agence France-Presse жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө таянуу менен.

Айылдык жаштар бирикмесинин төрагасы Пол Куассинин айтымында, Кпо-Каханкро айылындагы каза болгондордун жашы бир жаштан сегиз жашка чейин. Ал кошумчалагандай, балдар кусуп, эс-учун жоготуп жыгылышат.

Өткөн жылдын декабрь айында биринчи оорулуулар каза болгондон кийин айылга адистер келген. Бирок алардан алынган анализ окумуштууларга оорунун себебин аныктоого мүмкүнчүлүк бере элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости