www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январда Казакстандын Алматы шаарында өткөн ФИДЕнин шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатына хиджабсыз катышканы үчүн өлкөсүнө кайтып келбесин деген ирандык шахматчы Мадридде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен жолугушту. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, 25 жаштагы ирандык атактуу спортчу Сара Хадем (Сарасадат Хадемалшарие) Испанияга январь айынын башында келген. Кечээ анын премьер-министр менен жолугуп, Санчес менен шахмат ойногону тартылган сүрөттөр жарыяланган.

«Бүгүн мен мени шыктандырган аялдан канчалык көп нерсеге үйрөндүм. Мен бардык спортчу айымдарды колдойм. Сиздин үлгүңүз жакшыраак дүйнөнү курууга салым кошот”, - деп жазды премьер-министр Санчес өзүнүн Twitter баракчасына.

Маалымат үчүн, Сара Хадем гроссмейстер наамына ээ жана Эл аралык шахмат федерациясынын сайтында 771-орунда, ал эми Иранда 9-орунда турат.

Белгилей кетсек, буга чейин ирандык шахматчыны дүйнө чемпионатында хиджабын чечип койгону үчүн белгисиз бирөөлөр тергеп жатканын кабарлаганбыз.

Алибек Бейжанов, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости