www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда өткөн ата-энелер форумунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасынын максаты тууралуу айтып берди.
Министрдин айтымында, жаңы билим берүү реформасында окуучунун жаш курагы өзгөрбөйт, бирок окутуунун мазмуну заман талабына ылайык жаңыланат.
“12 жылдык билим берүүдө баланын жаш курагы өзгөрбөйт, билим берүүнүн мазмуну өзгөрөт. Биз балдарыбызды келечектин чакырыктарына даярдашыбыз керек”, — деди ал.
Жаңы окуу китептерине басым
Кендирбаева белгилегендей, жаңы окуу китептери окуучулардын өз алдынча иштөөсүн, талдоо жүргүзүүсүн жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
“Негизги ураан — окуу, изденүү жана үйрөнүү. Биз жаттоого эмес, анализ кылууга жана жыйынтык чыгарууга басым жасап жатабыз”, — деди министр.
Мугалимдердин ролу күчөтүлөт
Министр ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү негизги багыт экенин белгиледи.
Анын айтымында, Баткенде мугалимдер үчүн атайын кесиптик өнүгүү борборун түзүү жана жаңы билимди жеринде жеткирүү системасын калыптандыруу пландалууда.
“Балдар — өлкөнүн эң чоң байлыгы”
Сөзүнүн аягында министр мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, мектеп, мугалим жана ата-эненин биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Кыргызстандын эң чоң байлыгы — анын балдары. Билим сапаты жогорулаган сайын мугалимдерге болгон талап да өсөт”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.