www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июндан 15-августка чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкеси оңдоо иштерине жабылат.
Иштин жүрүшүндө кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги иштер аяктаган сайын, кыймыл кайрадан калыбына келтирилип, кийинки участок жабылат.
Жылуулук тармактарын оңдоо иштери шаардык инфратүзүмдү жаңылоо жана жылытуу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалууда. Учурда бул долбоор боюнча долбоордук документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.