www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы окуу китептеринин мазмунуна байланыштуу сын-пикирлерге комментарий берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы эки жылда 9 миллионго жакын китеп басылып чыгып, министрликке караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик басма үйү түзүлгөн. Жаңы китептер окуучулардын турмуштук көндүмдөрүн жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.
Учурда кыргыз тили, адабият, тарых, география сыяктуу сабактар боюнча 10дон ашык окуу китеби даярдалып жатканы айтылды.
Буга чейин ата-энелер мектептерде окуу китептери жетишсиз экенин айтып, айрым жаңы китептердеги тапшырмалардын түшүнүксүздүгүнө жана каталарга нааразы болушкан.
Окуу китептеринин тартыштыгын жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынган.