www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыктарынан 464 адам каза болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Каза болгондордун көбү Чүй облусунда – 99, Ош – 75, Ысык-Көлдө 70 адам.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, 900 адам каза болгон, 12 миңден ашуун киши жаракат алган.
Жол кырсыктарынын негизги себептеринин арасында ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, мас абалда унаа башкаруу жана жолдордун талапка жооп бербеген абалы аталат.