www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) координатору Майрамбек Баялиев менен жолугушуп, өлкө аймактарында курула турган жаңы бала бакчалардын долбоорлорун талкуулады.
Министрлик билдиргендей, жолугушууда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын долбоорлоодо балага ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл буруу маселеси көтөрүлдү.
Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, жаңы бала бакчалардын долбоорлорунда жашыл зоналар, улуттук баалуулуктарды чагылдырган ички жасалгалар, сапаттуу жана коопсуз эмеректер, өрт коопсуздугунун талаптары жана инклюзивдүү шарттар сөзсүз каралышы керек.
Өз кезегинде АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жолугушууда айтылган сунуштар долбоорлорду ишке ашырууда эске алынарын билдирди.
Ошондой эле тараптар келечекте кесиптик лицейлерди куруу жана жаңылоо маселесин аталган долбоордун алкагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
Белгиленгендей, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында өлкө боюнча 18 жаңы бала бакча курулуп, дагы төрт мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.