www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү жеринде текшерилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов жана «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Таалайбек Алымкулов курулуш объектилерин кыдырышты.
Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты, аткарылышы жана белгиленген графиктин сакталышы текшерилди.
Учурда бардык 10 объектте комплекстүү курулуш иштери жүрүп, аткарылган иштердин көлөмү 35–45 пайызды түзөт.
Текшерилген объектилердин катарына №2, №3 жана №33 мектептеринин жаңы жана кошумча окуу корпустары, Ж. Бөкөнбаев жана Барпы Алыкулов атындагы мектептердин жаңы имараттары, ошондой эле Ак-Буура жана «Эне-Сай» жаңы конуштарындагы, Ишкаван айылындагы, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сары-Зоо жана Сүрөттүү-Таш тилкелериндеги жаңы мектептер кирет.
Белгилей кетсек, бардык 10 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган.
Долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.