www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндө кафеде мушташ чыгып, администратор жабыркады

Ош облусунун Өзгөн районундагы кафелердин биринде чыккан мушташ боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 22-июлунда Өзгөн РИИБге Дөн-Булак айылындагы пиво заводунун жанындагы дүкөндө мас абалдагы жаштар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты маалыматтык электрондук журналга катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Дөн-Булак айыл аймагындагы кафелердин биринде эс алып отурган эки жаран спирт ичимдиктерин ичип, кийин эсеп төлөөдөн баш тартып жаңжал чыгарганы аныкталган.

Маалыматка ылайык, алар эс алуу жайынын 1984-жылы туулган администратору А.К.ны сабап, денесине жаракат келтиришкен.

Жабырлануучунун арызы кабыл алынып, алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда окуяга тиешеси бар делген жарандардын өздүгү аныкталып, тергөө амалдары уланууда.

Милиция окуя боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Последние новости