www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кезектеги пландуу мониторинг жүргүзүштү.

Министрликтин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин адистери көлдүн жээк тилкесинен суу үлгүлөрүн алып, суунун сапатын аныктоо үчүн химиялык изилдөөлөргө жөнөтүштү.

Министрликтен билдиришкендей, бекитилген иш-чаралар планына ылайык, Ысык-Көлдүн акваториясынан суу үлгүлөрү туристтик сезон башталганга чейин, сезон учурунда жана ал аяктагандан кийин үзгүлтүксүз алынат. Мониторинг иштери көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги пляждарда жүргүзүлөт.

Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколдор даярдалып, андан аркы чараларды көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жана министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына жөнөтүлөт.

Последние новости