www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынганын билдирди.

Бул талап өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде катуу сакталууга тийиш.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Мурда бул каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга жумшалса, эми оңдоо иштерин аткаруучу кызматтарга да бөлүнүүдө.

Бул багытта Агартуу министрлиги тарабынан бардык аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилди. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келери белгиленет.

Министрлик мугалимдердин негизги милдети окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгиледи.

Последние новости