www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кант шаарындагы жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран кара түстөгү «Mercedes-Benz S-Class» үлгүсүндөгү автоунаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай, Кант шаарындагы Куренкеева жана Ленина көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан түз өтүп кетип, Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоо жайын сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу А.А., жүргүнчүлөрү 1998-жылы туулган Н.А. жана 2004-жылы туулган А.К. ар кандай жаракаттар менен Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми 1998-жылы туулган К.Ф. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
Аталган факт боюнча кошумча маалымат берилет.
Сүрөт иллюстративдүү